кыргыз-түрк анадолу кыздар кесиптик лицейи
go back

Айгул гулу

Ажайып сулуу Айгүл гүлү. Баткен областы Республикабыздын башка областтарынан айырмаланып өрүкзардын мекени. Бул өрөөндө өзүнүн татымдуулугу боюнча балдан кем эмес, асыл баалуу түркүн сорттогу өрүктөрдүн даамы менен даңазаланып келет. Ал гана турсун дүйнөдө сейрек кездешкен Айгул гүлү да ушул областын аймагынан орун алып келет. Табиятынан кооз гүл аталган Айгул гүлү илимий эмгектерде "Петимум Эдуарда" же орусча "Рябчик Эдуарда" д.а. Бул ажайып кооз гүл жалаң гана таштуу жерлерде өсүп, тамыры да терең жайгашкан. Бир караганда гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жергиликтүү эл ушуну сүйүшкөн эки жаштын көз жашы деп аташат. Айгүл гүлүнүн бир эки сөңгөгүндө 5-6, айрымдарында 7-8 кадимки коңгуроону элестеткен таажылуу, узун жалбырактуу кочкул кызыл, сары түстөгү гүлдөр орун алып, адамдарды өзүнө тартып турат. Азыр Айгүл тоосу корукка алынып, андагы гүл СССРдин "кызыл китеби"1978-жылы киргизилген. "Айгүл гүлү" Баткен областынын Кара Булак кыштагында орун алган.

too
too
too
too
too
sd