кыргыз-түрк анадолу кыздар кесиптик лицейи
go back

Ысык-Көл

Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл. Ал тоо арасында жайгашкан. Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз дегээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрден да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет. Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору.

too
too
too
too
too
sd