Шах-Фазил күмбөзү
Шах-Фазил күмбөзү - архитектуралык күмбөз. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сафедбулан айылына жакын жайгашкан. Ислам дининин айрым өкүлдөрү экинчи Мекке аташкан Шах-Фазилдин тарыхы 11-12-кылымдарга барып такалат. Эң кызыгы, Сафедбулан айылынын тарыхы да күмбөз менен байланыштуу. Алгач ичи кооз таштардан кыналган;12-кылымдарда ганч (алебастр катырмасындагы материал) менен оймо- чиймеленип кооздолгон, башкы фасадынын 2 жеринен оюк оюлган. Кийинки кайра куруулардын натыйжасында алгачкы көрүнүшүн жоготкон. Дубал жактарынын узундугу сыртынан 11м, бийиктиги 15,37м. Дубалдын бурчтары чыгыш жана батыш багытында жайланышып, төрт чарчы формада болгон. Дубалы төмөндөн жогору карай жантайыңкы курулуп, үстүнө 6 кырдуу бурчтары тепкич сымал конфигөрациядангы кошумча дөбалдар менен кооздолуп, конус сымал кумпа менен жабылган. Дубалдары жана кумпа бышкан кыштан тургузулуп, түштүк – батышында каалга орнотулуп, терезе жасалган. Терезенин эки жагынан каалга болгон. Күмбөздүн ички дубалдары шыбалып, ганч менен жогорку чеберчиликте оймо-чиймелер менен кооздолгон. Ичинде элегиялык жана диний маанидеги куфи жазуулары, геометриялык татаал фигуралар оюп түшүрүлгөн.Диний тексттер араб тилинде , элегиялык тексттер фарсы тилинде жазылган.





